24.kg
14:40, 16 января 2025, 24.kg

Бишкектеги Айкөл Манас эстелиги толугу менен реконструкцияланат

Бишкектеги Айкөл Манас эстелиги толугу  менен реконструкцияланат

Photo 361718

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манастын эстелигин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор айкелди жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле анын дизайнын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртууну көздөйт.

Кайра куруунун негизги этаптарына төмөнкүлөр кирет:

— эстеликтин постаментин толук оңдоо;

— жертөлөдөгү конструкцияларды бекемдөө.

Манас эстелиги реконструкциялоо мезгилинде убактылуу сактоочу жайга көчүрүлөт.

«Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, «Айкөл Манас» монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, «Айкөл Манас» эстелиги 2011-жылдын 31-августунда ачылып, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган. Айкелдин автору Базарбай Сыдыков. Эстеликтин бийиктиги постамент менен кошо 17,5 метрди түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18