24.kg
14:10, 16 января 2025, 24.kg

9-майда Москвада өтүүчү Жеңиш парадына 19 мамлекет чакырылды

9-майда Москвада өтүүчү Жеңиш парадына 19 мамлекет чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов билдирди.

Photo 361710

«Кызыл аянттагы парадга катышуу үчүн 19 дос мамлекеттин аскер бөлүктөрү чакырылган, алардын 10у катышууну ырасташты. Анын ичинде мурдагы СССРдин жети өлкөсү, — деп айтты ал «Жеңишти» уюштуруу комитетинин жыйынында.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларын жана аскер бөлүктөрүн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага жеке чакырганы такталган.

Эске салсак, 2025-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл толот. 1945-жылы январь айында советтик армия Берлинге чабуулун баштаган. Аскердик аракеттерден кийин 9-майда Москва убактысы боюнча саат 00:43тө башкы командачылар Германиянын шартсыз багынып берүү актысына кол коюшту, бул согуштун аяктаганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18