24.kg
13:32, 16 января 2025, 24.kg

Исхак Масалиев Бишкектеги Лениндин эстелигин бузууга шашылбоого чакырды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-январындагы жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкектеги Лениндин эстелигин бузууга шашылбоого чакырды.

Эске сала кетсек, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Владимир Лениндин эски аянттагы эстелигин алып, Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштаган.

Исхак Масалиев айтымында, Турдакун Усубалиевдин эстелиги аллеядагы Лениндин эстелигинен 200 метр аралыкта турат.

"20-кылымдын башында жерибиз жок болчу, экиге бөлүнүп калдык. Бир бөлүгү Россия империясынын, экинчи бөлүгү Кокон хандыгынын курамында болгон. Улуу Октябрдын шарапаты менен Советтер Союзу түзүлүп, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун, андан кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу Республикасын түздүк, кийинчерээк Кыргыз ССРи түзүлдү. Ушул чек араларда биз эгемендүүлүккө ээ болдук. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө Владимир Ильич Ленин чоң роль ойноду деп эсептейм, — дейт Исхак Масалиев.

Анын айтымында, 21-кылымда адамдар тарыхты унуткан адат пайда болушкан.

«Биз кечээги күндү унутууга аракет кылып жатабыз. Бул чоң жаңылыштык. Кыргызстандын калкынын 30-40 пайызы 73 жыл боюу СССРде багылган. Бул демилгенин туура же туура эмес экенин айта албайм, бирок Лениндин эстелигин бузуу темасын азырынча талкуулобоону суранам», — деди депутат.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айкелди жылдыруу маселесин министрлер кабинети чечет деп жооп берди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18