24.kg
12:40, 16 января 2025, 24.kg

Улуттук банк АКШнын «Керемет банкка» каршы санкциясы боюнча комментарий берди

Улуттук банк өлкөнүн коммерциялык банктарынын бирине каршы санкцияларды киргизүү тууралуу маалыматка жооп катары билдирүү таратты. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын банк сектору туруктуу бойдон калууда жана жетиштүү капиталдаштырууга, ликвиддүүлүккө жана тышкы тобокелдиктерге туруктуулукка ээ. Коммерциялык банктар кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү менен кадимки режимде ишин улантууда. Ошондой эле валюта рыногунда абал туруктуу бойдон калып жатканы белгиленет.

Улуттук банк санкциялардын өлкөнүн каржы системасына тийгизген терс таасирин минималдаштыруу чараларын жарыялады. Зарыл болгон учурда жөнгө салуучу банк тутумунун туруктуулугун сактоо жана аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн кошумча инструменттерди колдонууга даяр.

Улуттук банк кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып, Кыргызстандагы каржылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18