24.kg
12:28, 16 января 2025, 24.kg

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөм 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөм 40 сом болушу мүмкүн. Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаардык кеңешинин үч туруктуу комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандар накталай эмес эсепке өтпөй жатышат. Себеби накталай акча 20 сом, ал эми накталай эмес 17 сом болгону 3 сом айырма болгондуктан, шаар тургундары накталай эмес эсепке өтүшпөй жатат.

Жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүлгөндөн кийин документ Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кароосуна киргизилет.

Уланбек Бейшенбаев ошондой эле шаарда күнүнө 1200 автобус каттаарын билдирди.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын октябрынын башында Бишкек мэриясы жол кире акысын накталай төлөм менен көтөрүүнү сунуштаган.

«Бүгүнкү күндө муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөмдүн ортосундагы айырма анча деле чоң эмес. Калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда», — деп түшүндүрүштү муниципалитет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18