24.kg
11:48, 16 января 2025, 24.kg

Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков шаардык кеңештин үч туруктуу комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Ага ылайык, Кадырбек Оторов «Бишкексууканал» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Эске салсак, бул ишкананы буга чейин Чыңгыз Жумалиев жетектеп келген. Ал «Жаңы күч — Новая сила» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болду. Ал кызматтан бошогондон кийин анын ордуна Достукбек Ободоев дайындалды.

Мындан тышкары Нурбек Касымбеков Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ишкананы Адилет Билимбек уулу жетектеп келген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18