24.kg
10:51, 16 января 2025, 24.kg

Чүйдө жолдошун өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы келин кармалды

Москва шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү келинди кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-январда саат 01:15 чамасында Москва РИИБге кабар түшүп, Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдө уруш болуп жатканы айтылган. Жерине барган милиция 1996-жылы туулган эркек киши менен 2005-жылы туулган келин жашап жүргөнүн аныктаган.

Алар жумуштан үйүнө барышып, спирт ичимдигин ичишкен. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин жолдошун ашкана бычагы менен жүрөк тушка сайып салган. Кесепетинен жаран каза болгон. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, камакка алынган.

19 жаштагы Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18