24.kg
09:19, 16 января 2025, 24.kg

Медер Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Абакиров Медер Омурбекович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Photo 361652

Жаңы орун басарды министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эмгек жамаатына тааныштырып жатып, Медер Абакировдун жогорку кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн, анын негизги тышкы саясий маселелерди натыйжалуу чечүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал тышкы саясаттын ырааттуу жана динамикалуу стратегиясы Кыргызстандын эл аралык беделин чыңдоодо маанилүү ролду ойной турганын билдирип, жаңы дайындалган орун басардын ишине ийгиликтерди каалады.

Медер Абакиров 1979-жылы 9-июнда Бишкек шаарында туулган.

Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана юридикалык факультетин аяктаган.

2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ТИМ системасында атташеден баштап департаменттин директоруна чейин ар кандай кызматтарды аркалаган.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси чинине ээ.

Англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18