24.kg
08:00, 16 января 2025, 24.kg

ТИМ кыргыз жарандарынын белорус-орус чек арасынан өтүү эрежелерин жарыялады

Беларус менен Орусиянын ортосунда үчүнчү өлкөнүн жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын белорус-орус чек арасынан өтүүсүн жөнгө салган келишим күчүнө кирди. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандары жаңы эрежеге ылайык чек арадан кантип өтө аларын тактады.

Орусиянын мамлекеттик чек арасы, анын ичинде анын кургактык жер бөлүгү, мурда Беларус менен Орусиянын жарандары үчүн гана ачык болчу.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына кургактык жер аркылуу — эл аралык өткөрүү пункттары аркылуу, темир жол, ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн автомобиль каттамдары менен кире алышат.

Учурда келишимде мындай алты пункт каралган:

Юховичи — Долосцы (Опочка — Новополоцк);

Эзерише — Невель (Киев — Санкт-Петербург);

Лиозно — Кругловка (Витебск — Смоленск);

Редиска — Красная Горка (Минск — Москва);

Звенчатка — Дубовичка (Бобруйск — Москва);

Селище — Новозыбков (Гомель — Брянск).

Россия-Беларусь чек арасынын кургактык жер бөлүгүн башка каттамдар боюнча кесип өтүүгө жол берилбейт жана мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.

Кошумчалай кетсек, Беларусь Республикасы өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргыз Республикасынын жалпы паспортторун гана тааный турганын эскертет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18