24.kg
16:14, 15 января 2025, 24.kg

Октябрь РИИБнин кызматкери пара талап кылуу жана кыйноо фактысы боюнча кармалды

Бишкекте пара талап кылуу жана кыйноо фактысы боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

КР Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери С.А.Ш. аттуу жаран кармалды.

Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь РИИБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында К.А. жана А.Н. аттуу жарандар кыйноого алынып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Учурда кылмышка шектүү башка кызматкерлерди аныктоо менен жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18