24.kg
15:58, 15 января 2025, 24.kg

Кыргызстандагы мектеп жана бала бакчаларда кант керектөө нормалары төмөндөтүлдү

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын кумшекерди ашыкча колдонуусун азайтуу чараларын көрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын ведомствого шилтеме берүү менен берген маалыматына караганда, мектептерде жана бала бакчаларда канттын суткалык керектөөсү 50 граммдан 30 граммга чейин төмөндөтүлгөн. Мектеп ашканаларында чайдын ордуна жергиликтүү кургатылган жемиштерден кант кошулбаган компот сунушталат.

Эл өкүлү кантты ашыкча колдонууну азайтуу максатында мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине туура тамактанууну үйрөтүүчү «Жаш багбан» аттуу методикалык колдонмо иштелип чыкканын кошумчалады.

Өлкөнүн мектептеринде башталгыч класстын окуучулары үчүн «Сергек жашоонун негиздери» программасы ишке ашырылганын Билим берүү министрлиги билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелери үчүн ашпозчуларды даярдоо боюнча онлайн курс да ачылган.

Буга чейин Дастан Бекешев мамлекеттик органдарга өзгөчө билим берүү мекемелеринде кантка каршы масштабдуу акция өткөрүү демилгеси менен кайрылуу ниетин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18