24.kg
12:33, 15 января 2025, 24.kg

Камчыбек Ташиев дагы бир көп балалуу үй-бүлөгө батир берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2024-жылдын 23-декабрында жаран Нурзат Нуржановадан турак-жай менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылуу түшкөн.

Аял алты баланы тарбиялап жатат. Балдардын улуусу 13 жашта, кичүүсү 3 жашта. Үй-бүлө оор турмуштук кырдаалда турат: алардын өз үйү жок, материалдык абалы балдарын толук камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.

Кошумчалай кетсек, Нурзат Нуржанованын бутуна операция жасалып, анын кыймыл-аракети жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Жолдошум такси кызматында иштеген, азыр тамак-аш жеткирип турат, бирок ден соолугуна байланыштуу оор физикалык жумуштарды да жасай албайт. Үй-бүлө Аламүдүн айылында үйдү ижарага алып турушкан.

Камчыбек Ташиев өтүнүчтү кароосуз калтырган жок. Үй-бүлөгө жаңы батирдин ачкычын тапшырып, жакшылык каалады.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2024-жылдын май айында жашы жете элек 8 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмак шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18