24.kg
11:07, 15 января 2025, 24.kg

Суунун жетишсиздиги. Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду

Баткен облусунда үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, алардын бири Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында — 1, Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда — 2 жасалма мөңгү тоңдурулду.

Мөңгү тоңдуруу жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бей өкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.

Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында пилоттук негизде мөңгү тоңдурулган. Учурда облус аймагында аны жайылтуу иш аракеттери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18