24.kg
09:33, 15 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын улуттук олимпиадасы старт алды

Мектеп окуучулар арасында улуттук олимпиада-2025 старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынын арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өткөрүлөт.

Белгиленгендей,улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, илимий-изилдөө иштерине кызыгууларын арттыруу жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.

Улуттук олимпиада 4 этап менен өтөт.

— I этап — январда онлайн режимде;

— II этап — февралда офлайн режимде;

— III этап — мартта офлайн режимде.

— IV этап — апрель офлайн режимде.

Олимпиадага окуган классына карабастан бардык окуучулар катыша алышат. Ал үчүн окуучулар предметти тандап, таблицада көрсөтүлгөн тиешелүү шилтеме аркылуу 2025-жылдын 13-январынан 18-январына чейин электрондук каттоодон өтүүгө тийиш:

— Математика боюнча: https://t.me/imo_kgimo.kg

— Биология боюнча: https://www.olympiadleague.org/nbo

— Информатика боюнча: https://olympiads.kg/c/1067/apply/user

— Физика боюнча: https://t.me/+4atDMrqW4LIyN2Ri

— Химия боюнча: https://t.me/chemolympic

Окуучулар бир нече предмет боюнча олимпиадага катышууга укуктуу.

Байланыш телефондору:

— Информатика боюнча — Урайымов Кылычбек, тел.: +996 778 332 250

— Математика боюнча — Ишматов Мамат, тел.: +996 990 011 555

— Физика боюнча — Ажибаев Улукбек, тел.: +996 700 633 638

— Химия боюнча — Тилебалдиев Чынгыз, тел.: +996 703 944 848

— Биология боюнча — Тажибаев Эльбрус, тел.: + 996 704 771 063

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18