24.kg
23:42, 14 января 2025, 24.kg

Май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 26 тыйынга жогорулайт

Быйыл май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 26 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

 

Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 кВт саат электр энергиясынын баасы калк үчүн 1 сом 37 тыйын, ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 3 сом 49 тыйын болорун билдирди.

«Тариф саясаты 2025-жылдан 2030-жылга чейин каралган. Мисалы, былтыр 11 тыйынга көтөргөнбүз. Быйыл инфляцияга байланыштуу май айынан баштап баа дагы жогорулайт. Бүгүнкү күндө Финансы жана Экономика министрликтери менен бирге тарифти талкуулап жатабыз. Учурда жарандар 1 кВт саат электр энергиясына 1 сом 11 тыйындан төлөсө, май айынан тарта 1 сом 37 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн азыр баа 3 сом 18 тыйынды түзсө, майдан тарта 3 сом 49 тыйын болот», — деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстанда калк үчүн электр энергиясынын баасы 2 сом 60 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйынды түзөт. Ал эми Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Россияда 6 сом 90 тыйынды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18