24.kg
15:28, 14 января 2025, 24.kg

Сугат жерлерге соцобъектилерди курууга уруксат берилди. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө, анда аталган Мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда «мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган» деген сөздөрдү алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн мораторий сугат айдоо жерлерин менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Мындан тышкары Мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пункту ага ылайык редакцияда баяндалып, мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18