24.kg
11:44, 14 января 2025, 24.kg

Бишкектин айланпа жолу алты тилкелүү болот

Бишкекте айланпа жол алты тилкелүү болот. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Photo 361414

Анын айтымында, автожолду реконструкциялоо долбоору учурда даяр болуп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдө.

Вице-мэр буга чейин жол жээгинде жайгашкан көмүр жана жыгач сатуучу пункттар алынып, айланасы тазаланганын кошумчалады.

Жол иштери жазында башталып, күзүндө бүтөт", — деди ал.

Жамалбек Ырсалиев ошондой эле Лебединовка менен айланма жолду бириктирген ГЭС-5ке чейинки жолду оңдоо пландары тууралуу да айтып өттү. Бул жерде эки тилкенин ордуна бөлүүчү тосмолор менен төрт тилке болот.

Жаңыланган каттам калктуу пункттардагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жана жарыктандыруу системасы менен жабдылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18