24.kg
10:46, 14 января 2025, 24.kg

Москвада кыргызстандык эки жаранды барымтага алып, акча талап кылышкан

Москвада кыргызстандык эки адамдан ири суммадагы акча талап кылуу максатында барымтага алынган. Бул тууралуу «Известия» гезити өз булагына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны «Кузьминки» метросунун жанындагы кафеде таанышын күтүп турган. Аларга эки белгисиз адам келип, унааны түртүүгө жардам сурашкан. Кыргыздар макул болуп, жардам берүүгө көчөгө чыккан.

Ал жерден бир топ кишилер аларды машинеге түртүп салып, документтерин жана телефондорун алып, кийин Хорошево-Мневники жергесине алып келген. Белгисиз адамдар 190 миң рубль талап кыла башташты, аларды сабап, өлтүрөбүз деп коркутушкан", — деп айтылат маалыматта.

Алар кароолчунун бири уктап калганда байкатпай кат жазып терезеден ыргытып жиберишкен. Ошентип, батирге милициянын отряды келген. Үч жаран кармалган.

Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18