24.kg
10:19, 14 января 2025, 24.kg

Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунун бир бөлүгү ысык суу жана жылуулуксуз калды

Бүгүн, 14-январда «Чыгыш-5» кичи районунун бир бөлүгүндө ысык суу жана жылуулук жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук тармагынын эски участогун алмаштыруу жана жаңыдан орнотулган жылуулук тармагына туташтыруу иштерин улантуу үчүн саат 9:00дөн 20:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлгөн.

Райондогу № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча № 30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде жана № 59 бала бакчасында ысык суу жана жылуулук болбойт.

Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18