24.kg
16:13, 13 января 2025, 24.kg

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамга кол койду.

Конституциялык мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин келишимине тиркеме болуп саналган Евразия экономикалык бирлигиндеги социалдык кепилдиктер, артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына аталган судьяларды дайындаган мүчө мамлекеттеги жогорку соттун төрагасы үчүн каралган социалдык кепилдиктер берилет.

Ушуга байланыштуу, кабыл алынган конституциялык мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларына Кыргыз Республикасынын судьяларына кепилденген социалдык жактан коргоо чаралары жайылтылат, тагыраак айтканда судьянын өмүрүн мамлекеттик камсыздандыруу, судьянын ыйгарым укуктары токтотулгандыгы боюнча бир жолку жөлөкпул төлөө, ошондой эле пенсияга үстөк акы төлөө;

2) Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьялары болуп иштеген адамдарга пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын судьялары болуп иштеген адамдарга жайылтылган тартипте аныкталат;

3) Евразия экономикалык бирлигинин сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын аткаруу мезгили судьялык иштин стажына кошуп эсептелет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18