24.kg
15:28, 13 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү

2025-жылдын 2-жумасында 6-январдан тартып 12-январга чейин Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7 миң 415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын биринчи жумасына салыштырмалуу +1,7 эсе жогору, эпидемиялык босогодон −29,1 пайызга төмөн. Учурда ооругандардын 7,9 пайызын түзгөн 586 бейтап ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылып жатканы кошумчаланды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18