24.kg
13:38, 13 января 2025, 24.kg

Президент «Стандартташтыруу жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Стандартташтыруу жөнүндө"мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

— стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.;

— улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор;

— стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү — бул милдеттүү жана эсептик каттоо;

— стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары.

Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18