24.kg
13:24, 13 января 2025, 24.kg

Кыргыз эл артисти чайкананын ордуна базар курганы үчүн айыпка жыгылды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Кулиев көчөсүндө жайгашкан базарга текшерүү жүргүздү.

Мэриянын токтомдорунун негизинде, Т.К.Ы. аттуу жаранга Кулиев көчөсүнөн 0,40 га аянтындагы жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө, чайкана жана эс алуу жайын куруу үчүн берилген. Белгиленгендей, келишим 2004-жылдын 24-мартында түзүлгөн, ижара акысы 417 миң 600 сомду түзөт. Жогоруда аталган жер тилкесинен тышкары, жакшыртуу үчүн 0,06 га кошумча жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилип, келишим 2005-жылдын 8-декабрында түзүлгөн. Ижара акысы 20 миң 880 сомду түзөт.

Жогоруда аталган жер участокторун ижарага алуу келишимдеринин шарттарына ылайык, ижарачы жер участогунун аянты такталган соң, жерди максаттуу пайдаланууга милдеттүү. Бирок, учурда келишимде каралган шарттар аткарылбай, көрсөтүлгөн жер тилкеси өз максатына ылайык пайдаланылбай жатканы аныкталган. Тиешелүү кызматтар келишимдин шарттарын сактоо боюнча бир нече жолу билдирүү жөнөтүшкөн.

Мындан улам, 10-январда жерди ижарага алган жаранга жер тилкесин талапка ылайык келтирүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, антпесе ижара келишимин бузуу боюнча комиссиянын кароосуна коюлат деп эскертилген. Аталган факты боюнча жеринде Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык 13 миң сомго протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, жогоруда аталган жер тилкеси аукционго коюлган учурда Бишкек шаарындагы ижара шарттары боюнча убактылуу пайдалануунун баштапкы ижара акысы жылына 1 млн 44 миң сомду түзөт.

Муниципалдык кызматтагы өздүк булактар 24.kg басылмасына ижарачы КР эл артисти, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы директору Турапов Керим Ырысалиевич экендигин ырасташты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18