24.kg
11:24, 13 января 2025, 24.kg

УКМК райондук салык кызматынын башчысын пара алып жаткан жеринен кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча салык төлөөчүлөр башкармалыгынын башчысын кармашты. Бул тууралуу аталган комитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, О.С.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү («Пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18