24.kg
11:06, 13 января 2025, 24.kg

Манас районундагы жайлоо 49 жылга жеке менчикке мыйзамсыз берилген

Талас облусунун Манас районунда мыйзамсыз жер бөлүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 0,67 гектар жайыт жерин жеке жактарга 49 жылга убактылуу пайдаланууга берүү боюнча токтомду бурмалаганы аныкталган.

Жогорудагы мыйзамсыз токтомдун негизинде Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин Манас филиалы тарабынан жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна мыйзамсыз күбөлүк берилген.

Аталган фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн ИИМге өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18