24.kg
10:18, 13 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мындай чечим министрлер кабинетинин токтомунун жана Экономика жана соода министрлигинин тиешелүү буйругунун негизинде кабыл алынганы айтылат.

Ведомстводон билдиришкендей, көмүргө максималдуу баалар республиканын аймактарында, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында белгиленген.

Көмүрдүн баасы төмөнкү факторлорго жараша өзгөрүп турат:

казып алуу жеринен сатуу пунктуна чейинки аралык;

кен казуу ыкмасы (мисалы, Жыргалаң жана Сүлүктү шахталарында кол менен казуу ыкмасы, же Кара-Кече карьеринде ачык ыкма);

сактоо жана сатуу шарттары.

Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантып, белгиленген өлчөмдөрдүн сакталышын текшерүүдө. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин же соода эрежелерин бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар колдонулат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18