24.kg
16:51, 10 января 2025, 24.kg

«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу дары-дармектерди чыгара баштады

«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводунда дары-дармектердин алгачкы беш түрү чыгарыла баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 10-январда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармектердин алгачкы беш түрүн чыгаруу ишке киргизилип жаткан «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды.

Иш чаранын жүрүшүндө, заводдо өндүрүштүк линияга төмөнкү дарылар чыгарыла баштаганы маалым болду. Алар:

парацетамол (суспензия жана таблетка түрүндө);

ибупрофен (суспензия түрүндө); ацетилсалицил кислотасы (таблеткалар);

ацикловир (таблеткалар).

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө көрсөтүлгөн дарылардын ар биринен 10 000 кутуга чейин чыгарууга мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, учурда фармацевтикалык завод мамлекеттик ооруканаларды жана «Эл Аман» дарыкана тармагына этил спиртин жеткире баштады.

Дары-дармектер «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилет жана «Эл Аман» дарыкана тармагында жеткиликтүү болот. Дары-дармектердин баасы башка жергиликтүү өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу кыйла арзан болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18