24.kg
12:42, 10 января 2025, 24.kg

Калифорниядагы өрт. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Калифорния штатындагы өрттөн кыргызстандыктар арасында жабыркагандар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аталган мекеме Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу аймакта жайгашкан кыргызстандыктар менен дайыма байланышта экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Лос-Анджелес аймагындагы токой өртүндө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

ТИМ Калифорнияда жүргөн жарандарга күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүүнү жана өрт чыккан аймактарга баруудан баш тартууну сунуштайт.

Өзгөчө кырдаалдар же кыйынчылыктар жаралса, Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугунун ишеним телефонуна +1 312 929 34 42 кайрылыңыздар.

Белгилей кетсек, Лос-Анжелесте кеминде алты жерде токой өртөнүп жатат. Кырдаалды катуу шамал жана суунун жетишсиздиги татаалдаштырууда. Аймакта бир нече айдан бери жаан-чачын жок, шаардын суу сактагычтары жергиликтүү өрттөрдү өчүрүүгө ылайыкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18