24.kg
12:33, 10 января 2025, 24.kg

«Три Вершины» тоо -лыжа кластери алгач конокторун 2025-жылдын аягында тосуп алат

Photo 360986

«Три Вершины» тоо-лыжа кластери жыл аягында ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти менен биргеликте «Жыргалан» туристтик шаарчасынын башкы планын иштеп чыкты.

Долбоордун планына ылайык, 5, 4 жана 3 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, административдик имараттар, курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, балдарга арналган оюн-зоок борбору, бардык комплексти тейлөөчү техникалык имараттар, соода-оюн-зоок борборлору, боз үйлөрдөн жана глемпингден турган шаарчалар, мечит, сейил бак жана эс алуу зоналары, коноктор үчүн унаа токтотуучу жайлар курулат. Ал эми имараттардын жана курулуштар 6 кабаттан ашпайт.

Маалыматта белгиленгендей, 3 жылдыздуу мейманканалардын курулуш иштери президенттин Иш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми, инфраструктуранын башка курулуш иштери инвесторлордун эсебинен жүргүзүлсө, тоо-лыжа жана инженердик инфраструктура (электр энергиясы, автожолдор, интернет, таза суу, канализация) республикалык бюджеттин эсебинен курулат.

Мындан тышкары, экологиялык аспектке өзгөчө көңүл бурулуп, бардык курулуш иштер экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерине кайрылсаңыздар болот: +996 779 777 666. Электрондук почта: Kyrgyzcourchevelpr@gmail.com.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18