24.kg
12:24, 10 января 2025, 24.kg

Бишкек мэриясы автобус айдоочуларына психологду жумушка алды

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына штаттык психолог жумушка алды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында адис 2025-жылдын январь айынан бери айдоочулар менен үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Эске салсак, буга чейин ал автобус айдоочуларынын психикалык саламаттыгы ай сайын текшерилип турушу керектигин билдирген.

«Биз Жазык-процессуалдык кодекске жол кырсыгына кабылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилиги боюнча өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз. Психологиялык тесттер үчүн компьютердик кабинеттерди даярдадык. Мындан тышкары, автобустарды башкарууну көрсөткөн төрт симулятор бар. Эми айдоочулар жылына эки жолу психологиялык тесттен өтүшөт. «Мен бул тесттерди ай сайын өткөрүүнү сунуштадым», — деп белгиледи муниципалитеттин башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18