24.kg
11:33, 10 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге өстү

Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге өстү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен билдирди.

Белгиленгендей, өсүү вирустук гепатит А оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу. Көрсөтүлгөн мезгилде 17 миң 902 учур катталган. 2023-жылы ушул эле мезгилде 6 637 учур катталган. Эң көп оору Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында аныкталган.

Жаңыдан аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 14,7 пайызга өскөн. Өткөн жылы 9823 учур катталган (2023-жылы — 8416). Эң көп оору Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустарында катталган.

Вирустук гепатит — гепатиттин вирустарынан келип чыккан курч жана өнөкөт вирустук боор ооруларынын тобу. Бул вирустар боордун сезгенүүсүн шарттайт, анын натыйжасы же толук айыгып кетүү же фиброз (цирроз), гепатоцеллюлярдык рак (боордун рагы) жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18