24.kg
10:56, 10 января 2025, 24.kg

«Манас» аэропортунан табылган граната оюнчук болуп чыкты

«Манас» аэропортунан граната табылган, бирок ал оюнчук болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун, 9-январь күнү саат 19:42 чамасында «Манас» аэропортунун имаратын патрулдукка алуу учурунда милиция кызматкерлери жана «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан «DOPPIO» кафесинин арткы жагында курулуш материалдарынын арасынан гранатага окшош шектүү буюм табылган.

Окуя болгон жерге Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан жана Сокулук РИИБден ыкчам-тергөө тобу барышып, аэропорттун аймагы курчоого алынып, бардык жарандар эвакуацияланган. Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сапёрлор тобу иш алып барышкан. Табылган граната оюнчук болуп чыкты.

Учурда «Манас» аэропортундагы видеокамералар оюнчук гранатаны орноткон кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо үчүн текшерилүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18