24.kg
10:23, 10 января 2025, 24.kg

Камчыбек Ташиев Испанияда жаштар курамасына жолугуп, алардын оюнуна күбө болду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана ошол эле учурда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев 20 жашка чейинкилердин Испаниядагы машыгуу - жыйыны менен таанышты. Бул тууралуу аталган биримдиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурда өлкөнүн жаштар курамасы алгачкы жолдоштук беттешин өткөрдү. Кыргыз курамасы Испаниянын экинчи дивизионунда (Сегунда) ойногон «Картахена» клубун 5:0 эсебинде утуп алды.

Камчыбек Ташиев футболчуларды жеңиши менен куттуктап, спортчулардын Азия Кубогуна жакшы даярдыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, 3-январдан тарта кыргызстандык футболчулар февралда Кытайда баштала турган Азия кубогунун финалдык этабына даярдык көрүү максатында Аликанте шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18