24.kg
10:05, 10 января 2025, 24.kg

Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугарын жарыялады

Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну жарыялады. АКШнын шайланган президенти журналисттерге орус лидери менен жолугушууга даярданып жатканын айтты. Бул тууралуу Fox News телеканалы билдирди.

Photo 360937

«Ал жолугушууну каалайт. Ал эми биз даярданып жатабыз... Президент Путин жолугушууну каалайт, ал тургай муну ачык айтты. «Биз [Украина чатагына] чекит коюшубуз керек» деди Дональд Трамп Флоридада сүйлөгөн сөзүндө.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге келсек, көп талкуулар болду, деди ал.

«Көптөгөн адамдар менен көптөгөн жолугушуулар пландаштырылган, айрымдары болуп өттү. Бирок мен 20-январга чейин (АКШ президентинин инаугурациясы боло турган күн — ред.) күтүүнү туура көрөт элем», — деп кошумчалады болочок америкалык лидер.

Журналисттер Дональд Трамптан Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен кандай форматта сүйлөшүүнү каалай турганын сурашты.

«Бул дагы эле аныкталат» деп жооп берди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18