24.kg
08:30, 10 января 2025, 24.kg

Дүйнө жүзүндөгү калктын саны 2024-жылы канчага өскөндүгү айтылды

Германиянын Дүйнөлүк Калк Фондунун (Deutsche Stiftung Weltbevölkerung, DSW) маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата жер шарынын калкы 81,6 миллион адамга көбөйүп, 8,156 миллиардга жеткен.

Учурда калктын табигый өсүү темпи жылына 0,9 пайызды түзөт.

Фонддун маалыматтарына ылайык, калктын негизги өсүшү Африка континентинде болуп жатат. Ал жактагы калктын саны жакынкы эки он жылдыкта эки эсеге көбөйүшү күтүлүүдө.

Үзгүлтүксүз өсүшкө карабастан, калктын санынын өсүү темпи төрөлүүнүн төмөндөшүнө байланыштуу басаңдоодо. Дүйнөдө орточо эсеп менен бир аялга 2,2 бала туура келет.

Жердин калкынын саны 2080-жылдардын орто ченинде 10 миллиард кишиге жетет деп күтүлүүдө. Андан кийин төрөттүн азайышы жана өлүмдүн көбөйүшү дүйнө калкынын карып, планетадагы адамдардын санынын азайышына алып келет деп болжолдонууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18