24.kg
16:53, 09 января 2025, 24.kg

ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын жардамчысы үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын("Альянс" фракциясы) жардамчысы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына борбордун Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 12-сентябрында УКМКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысын кармап, иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Окуя болгон учурда парламентарий өлкөдөн тышкары болгон. Мамлекеттик комитет депутаттын жардамчысы «алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо» деген негизде кармалганын билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2021-жылы парламентке жумушка орношуп жатканда жасалма документтерди жана өзү тууралуу жалган маалыматтарды көрсөткөн. Мыйзамсыз жумушка орношуп, ал киши айлык жана бонустарды алган.

Соттун өткөн жылдын 30-декабрындагы аныктамасы менен Р.А.Рга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Соттук отурумда депутаттын жардамчысы анча оор эмес кылмыштарды жасаган деп айыпталып жатканы, анын өздүгү такталып, туруктуу жашаган жери бар экени айтылды.

Кийинки соттук отурум 2025-жылдын 21-январына белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18