24.kg
16:07, 09 января 2025, 24.kg

Мамлекеттик «Учур» жаштар театрына жаңы директор дайындалды

Рыскул Боромбаев Мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырды.

Министрдин орун басары театрды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана быйылкы жылы театр үчүн жаңы имараттын курулушун баштоо негизги милдет экенин белгиледи. Бул долбоор мамлекеттик деңгээлдеги маданиятты жана жаштар чыгармачылыгын колдоо программасынын артыкчылыктуу багыты.

«Учур» жаштар театры ар дайым заманбап искусствонун өнүгүүсүнүн маанилүү аянтчасы болуп келген жана болуп калат. Биз жамааттын иши жана чыгармачылыгы үчүн заманбап шарттарды түзүү зарылдыгын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан театрдын жаңы имаратын куруу — биздин алдыдагы жылдагы негизги долбоорубуздун бири«, — деди Тимурлан Ажымалиев.

Ошондой эле ал Рыскул Боромбаевдин дайындалышы театрды өнүктүрүү үчүн жаңы дем берүүчү кадам болооруна ишенимин билдирди. Министрдин орун басары жаңы жетекчиге чыгармачылык пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик «Учур» жаштар театры негизделген күндөн тартып эле жаңычылдык жана искусстводогу эксперименттердин символу болуп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18