24.kg
15:16, 09 января 2025, 24.kg

Төө буурчак экспорттого 16 ата мекендик компания Кытайдын расмий реестрине кирди

Кыргызстандан төө буурчакты экспорттоо боюнча талаптарга жооп берген 16 ата мекендик компания Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын (БББ) тизмесине кирди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

БББнын расмий реестри — жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоо үчүн катталган чет өлкөлүк ишканалардын тизмелерин жарыялоого арналган расмий булак болуп саналат.

Мындай кадам Кыргызстан үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана ата мекендик айыл чарба продукцияларынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

«Бул жетишкендик ведомстволордун жана ишканалардын ырааттуу ишинин натыйжасы болду, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуунун жогорку деңгээлин тастыктайт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындан ары да ата мекендик продукцияны экспорттоого колдоо көрсөтүү жана эл аралык фитосанитардык стандарттарга ылайык келүүнү камсыздоо боюнча иштерди улантат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18