24.kg
14:05, 09 января 2025, 24.kg

Өзбекстан Кыргызстанга жаңы эл аралык автобус каттамдарын ачат

Өзбекстандын Транспорт министрлиги Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды да камтый турган жаңы эл аралык автобус каттамдары ачылганын билдирди. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Тактап айтканда, Өзбекстандан Кыргызстан багытында Анжиян — Ош, Анжиян — Жалал-Абад, Анжиян — Арсланбоб, Касансай — Жалал-Абад, Бухара — Бишкек каттамдары жолго коюлат.

Ошондой эле Казакстанга — Бухара — Түркстан, Ургенч — Актау, Фергана — Алматы (Тажикстан аркылуу), Тажикстанга — Самарканд — Душанбе, Бухара — Душанбе, Россияга — Сурхандарья — Бухара — Ургенч — Нукус — Москва, Ургенч — Нукус — Уфа, Нукус — Краснодар, Ташкент — Уфа, Ташкент — Краснодар жана Кытайга — Нукус — Ургенч — Бухара — Үрүмчү багыттары боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу пландаштырылууда.

«Эл аралык каттамдарда иштөөнү каалаган жүк ташуучулар сунуштары менен Транспорт министрлигине кайрылып, биргелешкен иш үчүн чет элдик өнөктөштөрдү тарта алышат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18