24.kg
10:07, 09 января 2025, 24.kg

Темирлан Султанбеков өзүнүн соттук ишине катышууга уруксат берүүнү суранды

«Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбеков № 1 тергөө абагынан бийлик органдарына жана сот системасынын жетекчилерине кайрылуу жасады. Ал өзүнүн иши боюнча соттук териштирүүгө катышуу үчүн сотко алып келүүнү өтүнөт.

Саясатчынын айтымында, эки ай аралыгында анын катышуусунда бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн эмес.

«Укуктарым көп бузулгандыктан, мен жана жактоочуларым сотко кайрылдык. Сот иштери менин катышуум жок эле болуп жатат, муну мен дагы конституциялык укуктарымдын бузулушу катары баалайм. Мен сотко барууну талап кылам. Буга чейин менин ишим боюнча беш сот отуруму менин катышуум жок эле өттү. «Дүйнө жүзүндө мындай эч нерсе жок», — деп жазган Темирлан Султанбеков.

Photo 360823

Кийинки соттук отурум Свердлов райондук сотунда 9-январга белгиленди.

Эске сала кетсек, 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди 2025-жылдын 13-январына чейин No1 СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18