24.kg
08:00, 09 января 2025, 24.kg

Иранда былтыр өлүм жазасына тартылган аялдардын саны өскөн

Иран былтыр 901 кишини, анын ичинде декабрда бир жумада 40тай кишини өлүм жазасына тарткан. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы өлүм жазасына кесилгендердин көбү баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн чыгарылган, бирок өлкөдө диссиденттер менен 2022-жылдагы нааразылык акцияларынын катышуучулары да өлүм жазасына тартылган. Мындан тышкары, өлүм жазасына тартылган аялдардын саны өскөн.

БУУ Иран бийлигин өлүм жазасын аткарууну чукул токтотууга жана өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизүүгө чакырат.

Уюмдун сайтында бүгүнкү күндө 170тей өлкө өлүм жазасын толугу менен жокко чыгарганы же аны колдонууга мораторий киргизгени айтылат.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы Иранда 853 адам өлүм жазасына тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18