24.kg
17:42, 08 января 2025, 24.kg

Бишкекте туура эмес токтотулган унаалар алынууда

Бишкекте жол инспекторлору унааларды туура эмес токтоткону үчүн алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу 24.kg басылмасына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Айтикул уулу билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жол инспекторлору «Айчүрөк», «Чынар», «Бишкек Парк» өңдүү соода борборлорунун алдында жана көчөлөрдүн жээктеринде туура эмес жерлерге токтотулган унаалардан тазалап, тийиштүү айып пулдарды салууда.

Акыркы бир жуманын ичинде Бишкек шаарынын аймагында туура эмес жерлерге токтотулган 4025 унаага 1000 сомдон айып салынып, ээси жок унаалар айып короо жайына токтотулду.

Башкармалык айдоочуларды унааларын туура эмес жерлерге токтотпоо керектигин эскертүүдө. Ошондой эле туура эмес жерлерге токтотулган унааларды көргөндөр 0777 102 102 ишеним номерине маалымат жөнөтсө болорун, аларга карата тийиштүү чара көрүлөрүн эскертти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18