24.kg
16:05, 08 января 2025, 24.kg

Кыргызстан лыжа туризмине 20 миллиард доллар тартууну көздөп жатат

Кыргызстан лыжа туризмине 20 миллиард доллар инвестиция тартууну көздөп жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кыргызстанда лыжа туризмин өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар экени, өлкө аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлеп турганы, бул заманбап лыжа базаларын түзүү үчүн уникалдуу шарттар экени белгиленет.

Эксперттер тоо лыжа тармагына инвестиция кеминде 20 миллиард долларды түзүшү мүмкүн деп эсептешет. Бул өз кезегинде миңдеген жумушчу орундарын түзүп, бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүн камсыз кылып, Кыргызстандын аймактагы туристтик борбор катары позициясын бекемдейт.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын жайында президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлыкка кол коюлган. Ал туризм тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду кластердик ыкма менен ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу структурасын жакшыртуу жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук тоо чокуларында жалпы узундугу 200 чакырымдай лыжа тебүүчү аянтчаларды куруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекет башчынын администрациясына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Ага 16,5 миң гектар жер берилген. Үч чоку 20 чакырым жаңы жол менен байланыштырыла турганы маалымдалган.

Долбоорго инвестициянын көлөмү 165 миллион еврону түзөрү маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18