24.kg
14:53, 08 января 2025, 24.kg

Сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салууну март айына чейин узартты

Сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салууну 2025-жылдын 31-мартына чейин узартты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, нааразылык акциясын азырынча Максим Горький аянтында гана өткөрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ошондой эле Жогорку Кеңештин имараттында, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы парктын аймагында, Жогорку Сот, Россиянын элчилиги, УКМК, Ички иштер министрлиги жана ага чектеш Иван Панфилов атындагы сейил багынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынган.

Ал эми Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар өзгөчө болуп саналат.

Шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын мартынан бери күчүндө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18