24.kg
14:46, 08 января 2025, 24.kg

Ош облусунда 32 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Ош облусунда баасы 500 млн сомдон ашуун 32 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Кара-Суу районундагы жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн сомдон ашык 32 га жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18