24.kg
12:08, 08 января 2025, 24.kg

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда 2025-жылдын биринчи жумасында (2024-жылдын 30-декабрынан 5-январына чейин) курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) 4 миң 245 жана 16 сасык тумоо катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 1,9 пайызга азайып, эпидемиологиялык абал туруктуу.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.

Акыркы жумада метапневмовирус жана COVID-19 жаңы учурлары аныкталган жок.

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 инфекциялары боюнча эпидемиологиялык абалды баалоо улантылууда жана көзөмөлгө алынууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18