24.kg
11:16, 08 января 2025, 24.kg

Бишкек шаарында карды тазалоого 71 атайын техника тартылды

Бүгүн, 8-январда Бишкек шаарында карды тазалоого 71 атайын техника тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмү менен биргеликте түнкүсүн кардан тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин баштап, эртең менен 246 тоннаны сарптаган.

Борбор калаанын көчөлөрүндө 71 атайын техника — МАЗ, HOWO, тракторлор, алдыңкы жүктөгүчтөр жана универсалдуу техникалар иштеп жатат.

Маалым болгондой, кардан тазалоодо жаңы техникалар колдонулуп, тротуарлардагы жана трассалардын бордюрларындагы карды тазалагычтар иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри муниципалитет 20 кар тазалоочу техника күтүп жатканын билдирген. Анын айтымында, учурда 28 техника бар.

Ал эми 21-декабрда шаарда калың кар жааганда мэр Айбек Жунушалиев Рамиз Алиевге, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге, «Тазалык» ишканасынын директору Жолдош Чуштуковго жана Октябрь райондук участкасынын башчысына туура эмес көзөмөл жана ишти начар уюштургандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18