24.kg
09:43, 08 января 2025, 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев 79 жашында дүйнө салды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев 79 жашында каза болду. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришкендей, ал 7-январда чын дүйнө салган.

Photo 360698

Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы «Легендарлуу парламент» деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамдарын алган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18