24.kg
00:20, 08 января 2025, 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча тескемеге кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды.

Уюштуруу комитетине төмөнкүлөр тапшырылды:

— VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү;

— спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана Жобону бекитүү;

— пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүү үчүн багытталган Кыргызстандын масштабдуу эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. 2022 жана 2024-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда жана Казакстанда уюштурулган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18