24.kg
15:07, 30 декабря 2024, 24.kg

Эдил Байсалов авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктарга барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандарга Бишкектеги Улуттук госпиталга барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ушундай трагедиялуу кырдаалда мекендештерибиздин аман калганына биз абдан кубанычтабыз.Оор учурларда куткаруу иштерине катышып, жарандарыбыздын камын көргөн боордош казак элине терең ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлер аларды транспортировка кылууга уруксат берер замат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жабыркагандарды мекенге алып келүү үчүн атайын учак жөнөтүлдү», — деп белгиледи министрдин орун басары.

Байсалов ошондой эле бул авиакырсыктан жарандардын курман болгондугуна байланыштуу боордош өлкөлөргө чын жүрөктөн көңүл айтты. Ал кыйын ушундай кыйын учурларда биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара жардамдын жана колдоонун маанилүү экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүндө дарыланууда, абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ал эми, үчүнчү бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18